Кыргызстан АПВга каршы эмдөө менен камтуу боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди
Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова эксперттик коомчулук, БУУнун Калк жайгашуу фонду (UNFPA) жана Үй-бүлөнү пландаштыруу альянсы менен биргеликте жатын моюнчасынын рагын алдын алуу жана эрте аныктоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдөө менен камтуу 90,5%ды түздү. Өлкө АПВга каршы вакцинаны ийгиликтүү киргизүү боюнча Европа аймагындагы алдыңкы ондукка кирди. Кеңешменин катышуучулары мындай натыйжага саламаттык сактоо тутумунун, билим берүү тармагынын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана эл аралык өнөктөштөрдүн координацияланган (биргелешкен) ишинин аркасында жетүүгө мүмкүн болгонун белгилешти.
Кийинки стратегиялык кадам — экинчилик алдын алуу (профилактика) тутумун өнүктүрүү. Саламаттык сактоо министрлиги жатын моюнчасынын рагын эрте аныктоонун жаңы стандарты катары АПВ-тестирлөөгө өтүүнү караштырууда. Учурда экономикалык натыйжалуулукту жана саламаттык сактоо тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен тийиштүү жол картасы иштелип чыгууда.
«Биздин максат — жөн гана маалымат берүү эмес, аялдардын ден соолугун коргоонун ишенимдүү тутумун түзүү. Эгерде биринчилик профилактика — бул эмдөө болсо, экинчилик профилактика — бул так жана өз убагындагы диагностика. Скринингдин алтын стандарты катары АПВ-тестирлөөгө өтүү оорунун пайда болушунан бир нече жыл мурун тобокелдиктерди аныктоого жана озунуп аракеттенүүгө мүмкүндүк берет», — деп билдирди Ишенапысова.
Скринингдин толук циклин курууга өзгөчө көңүл бурулууда: аялдарды маалымдоодон жана чакыруудан баштап, анализдердин сапатын көзөмөлдөөгө жана жыйынтыктарды баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарына өткөрүп берүүгө чейин.