Игорь Шестаков: Евробиримдик Кыргызстанга эмне үчүн санкция салды

30.04.2026 | 12:45

Брюссель Бишкекке карата тактикасын өзгөртүп, эскертүүлөрдөн толук форматтагы санкциялык басымга өттү. Европалык чектөөлөргө бир эле учурда эки кыргыз банкы жана бир криптокомпания илинди, Евробиримдик аларды Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексинин кызыкчылыктарын тейлейт деп шектенүүдө. Буга жооп катары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Борбор Азия чөлкөмүнө миллиарддаган инвестициялар убада кылынганы менен, Бишкек тараптан берилген жүйөлөргө жана документтерге Брюсселде «иш жүзүндө көңүл бурулбай калганын» билдирди. Бир жагынан саммиттерге чакырып, экинчи жагынан каржылык обочолонуу менен коркуткан өнөктөштүн логикасын түшүнүү эмне үчүн кыйын экени тууралуу саясат таануучу Игорь Шестаковдун материалында баяндалат.

Брюссель Кыргызстанга карата минималдуу санкциялардан максималдуу санкциялык басым форматына өттү. Европалык аткаминерлер биздин өлкөдөн Орусиянын аскердик өнөр жайы үчүн экономикалык тыюуларды кыйгап өтүү тобокелдигин көрүштү. “Кара тизмеге” «Керемет Банк» жана «Капитал Банк», ошондой эле рублдук стейблкоин менен операциялары үчүн TengriCoin компаниясы кирди. Евробиримдик TengriCoin компаниясынын орусиялык банктар менен байланышкан активдерди сатууга катышы бар деп шек саноодо. Батыш ЖМКларынын версиясы боюнча, санкциялык тизмеге компаниялар менен товарлар гана эмес, аткаминерлер да кириши мүмкүн. Бул тема Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүнүн парламенттеринде талкуулана баштады.

Брюсселдеги дүрбөлөңгө Прибалтика өлкөлөрүнөн экспорттук көрсөткүчтөрдүн 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 10 000%га, Финляндиядан 3100%га, Польша менен Грециядан тиешелүүлүгүнө жараша 2200% жана 2100%га өскөнү тууралуу статистика таасир этти. Кыргызстанга экспорттогон мамлекеттердин тизмесине Улуу Британия, Германия, Чехия ж.б. кошулду. Европалыктар Кыргызстандын товардык продукциясынын экспортунун өсүшүнө да күмөн менен карашууда. Брюсселде муну европалык продукциянын реэкспорту деп эсептешет. Чынында, Кыргызстандын Евробиримдик менен 2025-жылдагы соода-экономикалык мамилелеринин көрсөткүчтөрү бир топ басаңдаган: импорт 60%дан ашыкка кыскарган, баса, Орусияга болгон экспорт да төмөндөгөн.

Ошол эле учурда, Евробиримдик Кыргызстандын өкмөтү тарабынан берилген түшүндүрмөлөрдү иш жүзүндө көңүл сыртында калтырууда. Бул жагдай ТИМдин билдирүүсүндө өзгөчө белгиленген: «…Европалык өнөктөштөр менен туруктуу сүйлөшүүлөргө, үзгүлтүксүз сапарлардын алмашуусуна, ошондой эле Европа Комиссиясынын талаптарына ылайык суралган бардык документтештирилген маалыматтардын өз убагында берилишине карабастан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар да берилгенине карабай, кыргыз тараптын позициясы мурдагыдай эле эске алынбай, иш жүзүндө көңүл сыртында калып жатканы олуттуу түшүнбөстүктү жаратат.

Мындай бир тараптуу чечимдер эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн алкагында калыптанган ишеним атмосферасын солгундатып гана тим болбостон, Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасы менен, ошондой эле жалпы Борбордук Азия өлкөлөрү менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, аймактын туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү жана өнөктөштүктү чыңдоо боюнча бир нече жолу билдирген ниеттерине ачык каршы келери өзгөчө тынчсызданууну пайда кылат».

Бул жагдайда Высоцкийдин «биз кайрадан башка тилдерде сүйлөп жатабыз» деген саптары эске түшөт. Тышкы саясий мекеменин таң калуусу жүйөлүү: бир жагынан Евробиримдик Борбор Азия менен тыгыз байланыш курууга умтулуп, «ЕБ — Борбор Азия», «Германия — Борбор Азия» форматтарында үзгүлтүксүз жолугушуулар өтүп, дипломатиялык активдүүлүк кеңейүүдө. 2026-жылы Бишкекте «Италия — Борбор Азия» форматындагы саммит пландалууда. Брюссель инфратүзүмдүк долбоорлорго берешен инвестицияларды убада кылып, энергетикалык долбоорлорго кошулууга жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүүгө даяр экенин билдирүүдө. Бирок, экинчи жагынан алар санкцияларды киргизип, геосаясий прокурорлордун ролуна киришүүдө. Мындан логикалык суроо туулат: Евробиримдик үчүн негизгиси — чөлкөм менен максималдуу жакындашуубу же жөнөкөй популизмге негизделген соода согушубу?

Санкцияларга карата реакция расмий деңгээлде эле эмес, коомчулук арасында да болду. Социалдык тармактарда Кыргызстандын экономикасын өтө оор күндөр күтүп жатат деген кооптонуулар байкалууда. Мисалы, экс-премьер Феликс Кулов өлкөнүн бүтүндөй банктык тутумунун каржылык коопсуздугуна жана аброюна доо кетерин божомолдоодо. Анын пикиринде, бул эл аралык деңгээлде банк тутумунун обочолонушуна алып келип, чет элдик инвесторлор Кыргызстандан кача баштайт.

Бирок экономисттердин башкача көз караштары да бар: европалык санкциялар Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнө олуттуу таасир этпейт, анткени биздин өлкөнүн калкы европалык люкс унааларсыз деле жашай алат, ал эми өнөр жай үчүн альтернативдүү технологияларды Кытайдан жана Орусиядан импорттосо болот. Ал эми өз продукциясы менен толуп турган Евробиримдиктин рыногу ансыз деле Кыргызстандан келген агросектордун же жеңил өнөр жайдын товарларына муктаж эмес болчу.

Евробиримдик эмнени көздөп жатат деген суроого Венгриянын мисалында жооп алсак болот. Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө эң көп кызыкдар болгон европалык саясатчы Венгриянын экс-премьери Виктор Орбан эле. Ал эч кандай саясий ультиматумдарсыз жана шарттарсыз, жалаң гана экономикалык кызыкчылыктарды жетекчиликке алчу. Ошондуктан, ал Орусия менен энергетикалык кызматташтыкты үзүүгө кызыкдар эмес болчу. Бирок Орбан — европалык саясий элитанын ичинде эрежеден тышкары сейрек учур. Анын Венгриянын улуттук кызыкчылыктарына жана экономикасына негизделген конструктивдүү прагматизми Евробиримдиктин тышкы саясий багытына каршы келчү.

Экономикалык көрсөткүчтөр боюнча Евробиримдикти Кыргызстандын экономикасынын кыймылдаткычы деп айтуу кыйын. Тескерисинче, азыркы санкциялар — Бишкек менен Брюсселдин ортосунда өз ара аракеттенүүнүн минималдуу стандарты гана сакталып калганын эскертип турат.

Игорь Шестаков, саясат таануучу, «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борборунун директору.

Scroll to Top