Кыргызстандагы орус тили жана мектептер: реформалар, мугалимдердин тартыштыгы жана баланс маселеси
Кыргызстандын билим берүү системасы масштабдуу трансформацияны башынан өткөрүүдө. Мектептерде эл аралык программалар жана жаңы методикалар барган сайын жигердүү киргизилип жатат, ошол эле учурда орус тилдүү сегментте мугалимдердин тартыштыгы курчуп, айыл жергесинде мындай класстардын саны кыскарууда. Ушундай эле процесстер бүтүндөй Борбор Азия боюнча катталып жатканын Snob.kg порталы жазып чыкты.
Билим берүү системасында эмне өзгөрүүдө?
2024-жылы Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген 12 жылдык окутуу системасына өтүү реформанын негизги кадамдарынын бири болду. Муну менен катар мектептерде эл аралык уюмдардын колдоосу менен иштелип чыккан кембриждик программалар жана жаңы окуу китептери киргизилүүдө. Мындай долбоорлор башталгыч мектептин жүз миңдеген окуучуларын жана миңдеген мугалимдерди камтыды. Жаңы программаларда англис тилине, STEM дисциплиналарына жана санариптик компетенттүүлүккө басым жасалууда.
Эксперттик коомчулуктун бир бөлүгү бул өзгөрүүлөрдү бүтүрүүчүлөрдүн эл аралык эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга карай зарыл кадам катары колдошууда. Башкалары болсо билим берүү чөйрөсүнүн бытырандылыгы жана салттуу түрдө улуттар аралык баарлашуу ролун аткарып келген тилдердин позициясынын алсырашы тобокелдиктерин белгилешет. Дал ушул жерде орус тили көңүл борборуна түшөт.
Орус тили: өлкөнүн күнүмдүк жашоосундагы ролу
Орус тили өлкө турмушунда өзгөчө ордун сактап келет. Ал мамлекеттик мекемелерде, бизнесте жана ММКларда жигердүү колдонулуп, илимий жана техникалык адабияттардын олуттуу бөлүгүнүн тили бойдон калууда. 16 миңден ашык кыргыз студенттери Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алып жатышат, алардын тең жарымы — Орусиянын федералдык бюджетинин эсебинен. Ошондой эле Москва жаңы мектептерди жана кампустарды курууга инвестиция салып, КРСУну жана республикадагы орус тилин өнүктүрүү программаларын колдоп келет.
Орус тилдүү билим берүү Орусиянын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгек рыногуна жеткиликтүүлүктү камсыздайт — бул Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү дал ошол жакта иштеп жатканын эске алганда, өзгөчө актуалдуу. Бирок иш жүзүндө бул билим берүүнү колдоо барган сайын кыйындап баратат.
Иш жүзүндө орус тилдүү мектептер системалуу көйгөйлөргө туш болууда. Өлкөдөгү 400дөн ашык мугалимдердин вакансиясынын ичинен эң чоң тартыштык — дал ушул орус тилдүү сегментте. Көптөгөн педагогдор жеке мектептерге кетип же чет өлкөгө чыгып жатышат. Натыйжада башталгыч мектептен кийин балдар көп учурда профилдик предметтик мугалимдерсиз калышууда.
Класстардын жык толушу кырдаалды ого бетер оорлоштурууда: класста 40–45тен баланын болушу нормага айланды. 2024-жылдагы маалыматтарга караганда, окуу жайлардын 57%ы окуу адабияттарынын жетишсиздигин сезип жатат — жана бул орус тилдүү дагы, кыргыз тилдүү дагы класстарга тиешелүү. Кошумча класстардын бир бөлүгү балдар бакчаларынын имараттарына жайгаштырылган.
Бул фондо айылдык мектептердеги орус класстарын жабуу тууралуу сунуштар маал-маалы менен айтылып турат. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева бул жерде сөз тилди сүрүп чыгаруу саясаты жөнүндө эмес, конкреттүү көйгөйдү — айыл жергесинде квалификациялуу мугалимдердин жоктугун чечүү жөнүндө болуп жатканын түшүндүрөт. Ачык билдирүүлөрүндө ал тескерисинче, орус тилинин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Орус тили боюнча эл аралык уюмду түзүү демилгесин колдоп келет.
Кыргызстандыктар өздөрү эмне деп ойлошот?
Кыйынчылыктарга карабастан, коомдук маанай өлкөдө орус тилдүү мейкиндик менен байланышты сактоого болгон суроо-талаптын туруктуу экенин көрсөтүүдө. Евразиялык социология жана аналитика борбору 18 жаштан жогорку 1 900 жарандын арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Жыйынтыктар көрсөткөндөй: республика тургундарынын 68%ы коңшу өлкөлөр жана Орусия менен байланышты сактап калууну жана бекемдөөнү колдошот, болгону 15%ы терс маанайда. Орусия менен мамилени сурамжылангандардын 44%ы жакшы жана ынак коңшулук деп бааласа, 39%ы — достук мамиледе деп эсептешет.
Социалдык аралык (дистанция) казактар менен орустарга карата эң аз сезилет: 65%ы казактарды, дээрлик 60%ы орустарды коңшу катары көргүсү келет. Туугандары, достору же жумушу аркылуу постсоветтик өлкөлөр менен жеке байланышы бар экенин респонденттердин 62%ы белгилешкен.
Кыргызстан билим берүүнү модернизациялоону көздөй багыт алып, бир эле учурда бир нече багытты: кыргыз тилин чыңдоону, орус тилдүү мектептерди сактап калууну жана эл аралык стандарттарды киргизүүнү айкалыштырууга аракет кылууда. Бул процесстердин бардыгы бир убакта жүрүп, көп учурда биринчи кезекте ресурстар жана кадрлар деңгээлинде карама-каршылыктарды жаратууда.
Ачык бойдон калып жаткан негизги суроо: окутуу тилине жана жашаган аймагына карабастан, бардык балдар үчүн билим берүүнүн сапатын камсыздай ала турган системаны курууга мүмкүн болобу?