Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылды

Кыргызстанда учурда күйүүчү-майлоочу май (КММ) базарында абал туруктуу, жеткирүүлөр үзгүлтүксүз жүрүүдө. Күйүүчү майдын кору алдыдагы эки айга жетиштүү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
4-мартта аталган кызмат мунай трейдерлери: «Кыргызстан мунай трейдерлер ассоциациясы», «Ишкерлер альянсы» жана «ШНОС», «Альфа Ойл», «Мунай Пром», «Партнер нефть», «РН-Кыргызнефтепродукт» ишканалары менен жолугушуу өткөргөн.
Жолугушууда ички рыноктогу күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) кору, баалардын абалы жана жеткирүү маселелери каралган.
Маалыматта айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын январь айында бензин жана дизель майынын баасы 3 сомго чейин арзандаган. Трейдерлер кийинки баа саясаты Орусиянын мунай иштетүүчү заводдорундагы дүң баалардын деңгээлине жараша болорн белгилешкен.
Ошондой эле алар жылдын аягына чейин күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.