ТМУнун тышкы иштер министрлери Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жана коопсуздук маселелерин талкуулашты

7-мартта Стамбул шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңеши аймактык жана глобалдык коопсуздук маселелери, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу боюнча сүйлөшүштү. Жыйынгы Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында Жээнбек Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, тараптарды дароо ок атышууну токтотууга, жаңжалдарды эл аралык укуктун нормаларына жана БУУнун Уставына ылайык жалаң гана тынчтык жана дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга чакырган.
Жыйында санкциялар темасы да талкууланган. Кыргыз тарап БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагынан тышкары колдонулган бир тараптуу чектөө чаралары дүйнөлүк соодага жана экономикалык байланыштарга терс таасирин тийгизерин белгилеген.
Мындан тышкары, ТМУ+ форматындагы кызматташууну институтташтыруу жана тышкы өнөктөштөр менен байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралган.
Кеңештин жыйынтыгында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынган. Тараптар түрк мейкиндигиндеги туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн аракеттерди координациялоону күчөтүүнү макулдашышты.