Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылдыБаткен облусунда жана Жалал-Абадда сел жүрдү: ондогон үйлөр жана социалдык объекттер жабыркадыАдылбек Касымалиев кыргызстандыктарды Эмгек күнү менен куттуктадыКыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курамасы Индонезияны 17:1 эсебинде талкаладыМСК оңдоочу электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштуруу тартибин өзгөрттү
Мыктыбек Илебаев «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын директору болуп дайындалды
10.03.2026 | 15:02

Мыктыбек Илебаев «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал бул кызматка үч айлык сыноо мөөнөтү менен келди.
Мыктыбек Илебаев 1978-жылы 8-июнда төрөлгөн. Жогорку билимдүү, «Дастан» технологиялык университетин аяктаган.
Ал буга чейин «Учур» театрынын директорунун орун басары жана А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген. Ошондой эле мамлекеттик жана коомдук уюмдарда башкаруу жана юридикалык тажрыйба топтогон.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият