Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз НасыровКыргызстан Кытайдын улуттук ири мунай корпорациялары менен кызматташууну тереңдетүүдөБазар-Коргон — Кызыл-Үңкүр жолу үч жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келетКыргызстанда күздүк дан өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү сатыкка чыктыБишкектеги орус театрында Вячеслав Виттихтин «Өлүк жандар» спектакли көрсөтүлөт
Баткен облусунда жана Жалал-Абадда сел жүрдү: ондогон үйлөр жана социалдык объекттер жабыркады
01.05.2026 | 12:23
Баткен облусунун бир нече районунда жана Жалал-Абад облусунун Манас шаарында сел жүрдү. Эң оор кырдаал Манас шаарында түзүлүп, ал жакта кечээ саат 22:40тар чамасында тоо капчыгайларынан баткак аралаш сел каптап түшкөн.
Табият кырсыгынын кесепетинен 4 социалдык объект жана 39 турак үй зыян тартты. Сел суулары 16 үйдүн ичине кирип, 23 үйдүн короосун каптаган. Учурда кырсык болгон жерде 229 адам иштеп жатат, атайын техника тартылган. ӨКМ башчысы кесепеттерди жоюу иштерин жеке өзү координациялоодо.
Баткен облусунун Кадамжай районунда сел ички жолдордун бирин тосуп калды. Ал жакта турак үйлөргө жана социалдык объекттерге зыян келтирилген эмес, адистер жеринде иш алып барууда.