Кыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылды
Министрлер Кабинети Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө жобонун жаңы редакциясын бекитти (2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 токтом).
Негизги жаңылык — мамлекеттик органдарга барбастан, маалыматтык тутум аркылуу фирмалык аталышты аралыктан текшерүү жана резервге алуу мүмкүнчүлүгү. Ошондой эле иштебей турган компанияларды реестрден автоматтык түрдө чыгаруу механизми киргизилди — бул реестрди фиктивдүү (жалган) юридикалык жактардан тазалоого мүмкүндүк берет.
Документ ФАТФтын жана Акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топтун сунуштамаларын эске алат: бенефициардык ээлер жөнүндө маалыматтарды ачыктоо тартиби күчөтүлдү.
Юстиция министрлиги эскертет: эгерде документтердин туура эмес тапшырылгандыгына байланыштуу каттоодон баш тартылса, төлөнгөн мамлекеттик жыйымдар кайтарылып берилбейт.