МСК оңдоочу электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштуруу тартибин өзгөрттү
Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы (МСК) эсеп-фактураларды жол-жоболоштуруу жана колдонуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Жаңылык оңдоочу (түзөтүүчү) электрондук эсеп-фактурада (ЭЭФ) көрсөтүлүшү керек болгон датага тиешелүү.
Эми документте мурдагыдай баштапкы жеткирүү датасын эмес, оңдоого (түзөтүүгө) негиз болгон жагдайлардын келип чыккан датасын көрсөтүү керек.
Оңдоочу ЭЭФ төмөнкү учурларда жол-жоболоштурулат: товарды толук же жарым-жартылай кайтарууда, бааны өзгөртүүдө, аткарылган иштерден же кызматтардан баш тартууда, ошондой эле төлөмдү кайтарууда.
Жол-жоболоштуруу мөөнөттөрү мурункудай эле калат: товарларды жеткирүүгө эсеп-фактура жеткирилген күндөн тартып беш жумушчу күндөн кечиктирбестен жол-жоболоштурулат. Айрым учурларда — отчеттук айдан кийинки айдын он жумушчу күнүнөн кечиктирбестен: товарларды соода платформалары аркылуу сатууда, жеке жактар менен иштөөдө, ошондой эле уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн иштерди жана кызматтарды аткарууда.
Актуалдуу тартип менен МСКнын сайтындагы «Кызматтар» («Сервисы») — «Электрондук эсеп-фактура» бөлүмүнөн таанышууга болот. Өзгөртүүлөр МСКнын 2026-жылдын 29-апрелиндеги №191 буйругу менен бекитилген.