Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

01.05.2026 | 15:06

Бишкектеги боордоштор көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Катышуучулар курман болгондордун элесин бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов согуш жылдарындагы республиканын кошкон салымын эске салды: Кыргызстан 37 293 жарадар жоокерди кабыл алган. Дарыгерлердин жана хирургдардын жетишсиздигине карабастан, жергиликтүү медиктер натыйжалуу жардам көрсөтүүнү жолго коюшкан — Ошто 1941-жылы 30 операция жасалса, 1944-жылга карата бул көрсөткүч 1 500гө чукулдаган. Дарылоодон кийин жарадар болгондордун тең жарымынан көбү фронтко кайтып келишкен.

Расмий бөлүктөн кийин көрүстөндө ишембилик өткөрүлүп, катышуучулар курман болгондордун мүрзөлөрүндөгү плиталарды боёп, жанаша жайгашкан аймакты иретке келтиришти.

Scroll to Top