Өкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти

Министрлер кабинети жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы тоннелдер аркылуу унаалардын өтүүсү үчүн жыйымдардын өлчөмүн жана төлөө тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Чечим тоннелдерди тийиштүү деңгээлде эксплуатациялоо максатында кабыл алынган. Ага ылайык, тоннелдерден өтүү акысы төмөндөгүдөй болот.
Бишкек – Ош унаа жолундагы тоннелдер аркылуу өтүү акысы (Кыргызстандын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик каттоо номуру бар унаалар үчүн):
- Жеңил унаалар (M1 категориясы) — 50 сом;
- Кичи автобустар (5 тоннага чейин, 8ден ашык орундуу) жана жүк ташуучу унаалар (3,5 тоннага чейин) — 100 сом;
- Автобустар (5 тоннадан жогору) жана жүк ташуучу унаалар (3,5 тоннадан 12 тоннага чейин) — 150 сом;
- Оор жүк ташуучу унаалар (12 тоннадан жогору) — 250 сом;
- Чиркегичтер, комбайндар жана атайын техникалар — 500 сом.
Түндүк – Түштүк альтернативдик жолундагы Көк-Арт тоннели аркылуу өтүү акысы (Кыргызстандын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик каттоо номуру бар унаалар үчүн):
- Жеңил унаалар (M1 категориясы) — 100 сом;
- Кичи автобустар жана жүк ташуучу унаалар (3,5 тоннага чейин) — 250 сом;
- Автобустар жана орто жүк ташуучу унаалар (12 тоннага чейин) — 500 сом;
- Оор жүк ташуучу унаалар (12 тоннадан жогору) — 700 сом;
- Чиркегичтер жана атайын техникалар — 1000 сом.
Чет өлкөлүк, транзиттик мамлекеттик каттоо номурлуу транспорт каражаттары үчүн төлөмдөр:
- Жеңил унаалар — 200 сом;
- Кичи автобустар жана жүк ташуучу унаалар (3,5 тоннага чейин) — 1000 сом;
- Автобустар жана орто жүк ташуучу унаалар (12 тоннага чейин) — 1500 сом;
- Оор жүк ташуучу унаалар (12 тоннадан жогору) — 3000 сом;
- Чиркегичтер жана атайын техникалар — 5000 сом.