Бааларды жөнгө салуу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү

28.04.2026 | 18:19

Жогорку Кеңештин бюджет, экономика, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети 2026-жылдын 28-апрелинде “Бааларды жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карады.

Документтин демилгечиси — Министрлер кабинетинин төрагасы.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын айтымында, баштапкы сунушта товарлардын өздүк наркынан 25% деңгээлинде рентабелдүүлүк чеги белгилөө каралган. Бирок бизнес-коомчулук бул демилгени колдобогондуктан, акырында чекти 30% деңгээлине чейин көтөрүү чечими кабыл алынган.

Жалпысынан мыйзам долбоору Монополияга каршы кызматтын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү карайт — кабыл алынса, ал товарлардын гана эмес, кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын да жөнгө сала алат. Учурдагы мыйзамда кызматтарга мындай жөнгө салуу тыюу салынган.

Нурланованын айтымында, өзгөртүүлөр экономикалык жактан негизделген бааларды түзүүгө, калктын кызыкчылыгын коргоого жана жашоо сапатын жогорулатууга багытталган. Ошондой эле бизнес туруктуулугу менен керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгынын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо максат кылынган.

Талкуу учурунда депутат Улан Примов бааларды жөнгө салуу социалдык маанилүү товарларга тиешелүү болушу керек экенин белгилеп, башка тармактарга ашыкча кийлигишүү көмүскө экономиканын өсүшүнө алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Депутат Уланбек Жаанбаев мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында комитет бул сунушту колдоду. Ошондуктан мыйзам долбоору кошумча талкууларды өткөрүү үчүн күн тартибинен алынып, кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү.

Scroll to Top