Тоңдо баасы 65 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыБаткенде катуу шамалдан келтирилген чыгым 16 млн сомду түздүMBANK дүйнөлүк деңгээлде таанылды: S&P Кыргызстандын биринчи санарип банкынын ишенимдүүлүгүн тастыктады!Кыргызстанда 56 миң гектар аянтта чегиртке зыянкечтерине каршы күрөшүү иштери аяктадыБишкекте 1-июлдан тарта 8 автобустун жүрүү схемасы өзгөрөтБишкектин борборундагы ыдык көрсөтүү: кыз шектүүнү тартып алган
Министрлер Кабинети илимди экономика менен байланыштырууну жана окуу акысын көтөрбөөнү талап кылды
29.04.2026 | 09:51
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде илимий потенциалды өнүктүрүүгө жана илим менен билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатууга арналган кеңешме өткөрдү.
«Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн экономикада илимдин ролун күчөтүү, илимий уюмдардын бизнес менен өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү, ошондой эле илим чөйрөсүнө жаш адистерди тартуу үчүн шарттарды түзүү зарыл. Илим өлкөнүн өнүгүшүнө иштеп, экономика жана коом үчүн конкреттүү натыйжаларды бериши керек», — деп билдирди Маматканов.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча төрт негизги тапшырма берилди:
- Илим чөйрөсүн реформалоо: илимий уюмдардын тармагын оптималдаштыруу, алардын ЖОЖдор (жогорку окуу жайлары) менен өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү жана изилдөөлөрдү экономиканын жана социалдык өнүгүүнүн колдонмо (практикалык) милдеттерине кайра багыттоо.
- Инфратүзүм жана мобилдүүлүк: студенттик жатаканаларды куруу жана студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү боюнча Президенттин тапшырмаларын өз убагында аткаруу.
- Кадрларды даярдоо: экономиканын муктаждыктарын эске алуу менен артыкчылыктуу багыттар — жасалма интеллект, санариптик технологиялар жана инженердик адистиктер боюнча кадрларды системалуу даярдоо.
- Студенттерди колдоо: окуу акысынын жогорулашына жол бербөө, ошондой эле каржы институттары менен биргеликте билим берүү насыясынын механизмин иштеп чыгуу жана студенттерди социалдык колдоо чараларын кеңейтүү.