КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Данияр Исаков КР Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын командачысы болуп дайындалды
29.04.2026 | 09:47
Полковник Данияр Исаков Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын командачысы болуп дайындалды.
Коргоо министрлиги билдиргендей, тиешелүү буйрукка коргоо министри Руслан Мукамбетов кол койду. Буга чейин бул кызматты Талантбек Эргешов ээлеп келген.
Данияр Исаков 1992-жылдан бери Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөп келет.
Ал 1974-жылы 1-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында туулган. 1981-1991-жылдары Калинин атындагы №70 орто мектепти, 2000-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. 2018-жылы РФ Куралдуу Күчтөрүнүн Жалпы аскердик академиясын бүтүргөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом