Оштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды

11.03.2026 | 15:13

Ош шаарында жайгашкан «Аптека Кейджи» ишканасына таандык дарыканадан каттоодон өтпөгөн жана өлкөгө мыйзамсыз киргизилген дарылар табылды. Салык кызматынын маалыматында, алардын жалпы суммасы 269 миң 989 сомду түздү.

Ошондой эле ишкананын дарыларды сактоо жана сатууга уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган.

Мындан тышкары, текшерүү учурунда төмөнкүдөй салык мыйзамдарын бузуу фактылары катталган:

  • товарларды сатууда электрондук эсеп-фактуралар аркылуу түшкөн каражаттар көрсөтүлгөн эмес;
  • айрым кызматкерлер боюнча салыктык отчеттор тапшырылган эмес;
  • техникалык жактан жараксыз контролдук-кассалык машина колдонулган.

Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан жеринде тиешелүү актылар түзүлгөн. Материалдардын негизинде мыйзам чегинде чаралар көрүлөрү айтылды.

Scroll to Top