Кантта мурдагы аялын уурдап, акча талап кылган 36 жаштагы шектүү кармалды

Чүйдүн Кант шаарында мурдагы аялын уурдап, андан кийин коркутуу менен акча талап кылган деп шектелип 36 жаштагы жаран кармалды.
Облустук милициянын маалыматында, 13-мартта Ысык-Ата РИИБге А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда анын карындашы Ч.Ж.ны мурдагы жолдошу Ч.С. күч менен Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаага салып, белгисиз тарапка алып кеткендиги тууралуу билдирген.
Тергөөдө белгилүү болгондой, Ч.С. мурдагы аялын тоо жактагы көрүстөндөрдүн жанына алып барып, өлтүрөм деп коркутуп, 40 миң доллар акча талап кылган. Ошондой эле аялга зомбулук көрсөткөнү такталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адамды уурдоо) менен кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү Ч.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.