1-майдан тарта айрым ички авиакаттамдардын баалары жөнгө салына баштайт

30.04.2026 | 14:56

Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан баштап Бишкек – Ош жана Бишкек – Манас багыттары боюнча авиабилеттердин бааларын жөнгө салуу системасы ишке кирет. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим «Кыргызстан аэропортторунун» башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун ата мекендик авиаташуучулар: Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU менен өткөргөн жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынган.

Бекитилген тарифтерге ылайык:

  • Бишкек – Ош багыты: Билеттин баасы алдын ала брондоодо 3 800 сомдон башталат. Учууга жакын калган күндөрү билеттин максималдуу баасы 5 900 сомдон ашпайт.
  • Бишкек – Манас (Жалал-Абад аэропорту) багыты: Баштапкы баа 3 500 сомду түзөт. Максималдуу баа 5 500 сом деп белгиленди.

Жолугушууда ошондой эле мамлекеттик «Asman Airlines» авиакомпаниясы төмөнкүдөй тарифтерди сунуштаган:

  • Бишкек – Ош багыты боюнча максималдуу баа — 5 500 сом;
  • Бишкек – Манас багыты боюнча максималдуу баа — 4 100 сом.

Манасбек Самидинов бул чара ички авиакаттамдар рыногун турукташтырууга, баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөөгө жана жүргүнчүлөр үчүн ачык шарттарды түзүүгө багытталганын белгилеген. Ал эми авиакомпаниялар белгиленген чектен ашык баа койбоо милдеттемесин алышкан.

Scroll to Top