Садыр Жапаров ЖОЖдордо жана колледждерде окуу акысын жогорулатууга бир жылга тыюу салды2-май: Өлкө боюнча жамгыр жаап, күн күркүрөйтБишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылдыБаткен облусунда жана Жалал-Абадда сел жүрдү: ондогон үйлөр жана социалдык объекттер жабыркадыАдылбек Касымалиев кыргызстандыктарды Эмгек күнү менен куттуктады
Татарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болду
16.03.2026 | 11:05

15-мартта Татарстандагы Набережные Челны – Альметьевск унаа жолунда болгон жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Альметьевск районунда КамАЗ жүк ташуучу унаасы менен Kia Carnival жеңил унаасы кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын 1986-жылы туулган айдоочусу К.А.К. жана 1987-жылы туулган жүргүнчүсү Ш.А.Р. окуя болгон жерде каза болушкан. Маркумдар Кыргызстандын жарандары экени такталды.
Учурда каза болгондордун сөөгү Альметьевск шаарындагы моргго жеткирилди. Жол кырсыгынын чоо-жайы такталып, маркумдардын туугандарын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул маселе Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар