MBANK жана Visa 3% кешбээги менен Lamine Yamal чектелген коллекциялык картасын ишке киргизишти

30.04.2026 | 16:31

MBANK Visa менен биргеликте чыгарылган жаңы Lamine Yamal коллекциялык картасын сунуштады. Бул продукт футболго, санариптик кызматтарга жана заманбап финансылык чечимдерге кызыккан жаш колдонуучуларга багытталган.

Компания билдиргендей, карта төлөм куралынын функционалдуулугун жана коллекциялык баалуулукту айкалыштырат — анын дизайны дүйнөлүк футболдун эң көп талкууланган жаш жылдыздарынын бирине арналган.

Продукциянын негизги артыкчылыгы — категориялык чектөөлөрсүз бардык сатып алуулар үчүн 3% кешбэк. Сунуш 2026-жылдын 31-июнуна чейин (кошо алганда) жарактуу.

Карта толугу менен санариптик форматта чыгарылат жана аны MBANK тиркемеси аркылуу алууга болот. Картаны ачуу процесси бир нече мүнөттү гана алат. Чыгаруу баасы 500 сомду түзөт, ошол эле учурда биринчи жылдык тейлөө акысыз берилет. Экинчи жылдан баштап — жылына 500 сом. Картанын колдонуу мөөнөтү — 5 жыл.

MBANK мындай продуктуларды ишке киргизүү банк карталары lifestyle-чөйрөнүн жана жекелештирилген колдонуучу тажрыйбасынын бир бөлүгүнө айланып жаткан тенденцияны чагылдырарын белгилейт.

Картаны MBANK тиркемесинде ачууга болот: башкы беттен «Картага заказ берүү» бөлүмүн тандап, андан кийин «Yamal Visa Gold» картасын таап, маалыматтарды толтуруп, чыгарууну ырастоо керек.

MBANK — биринчи санарип! Кыргызстанда жасалган!
КР УБ лицензиясы № 014

Scroll to Top