КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштери жүрүүдө
29.04.2026 | 11:14

Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарды параллелдүү реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Учурда иштердин 26,8%ы аткарылды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Реконструкциялоо иштери Кытайдын CNEEC компаниясы жүргүзүп, объектиде 113 адис иштеп жатат.
Эске салсак, былтыр, 2025-жылы, №3 жана №4 гидроагрегаттарды реконструкциялоо аяктагандан кийин станциянын кубаттуулугу 180 МВттан 198 МВтка чейин жогорулаган. Учурдагы №1 жана №2 гидроагрегаттар жаңылангандан кийин ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 216 МВтка жетет. Бул станциянын кубаттуулугун кошумча 18 МВтка жогорулатууну камсыздайт.
Жүргүзүлүп жаткан модернизация өлкөнүн энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом