Трамп Ирандагы аскердик операциядан улам Си Цзиньпин менен жолугушууну бир айга жылдырууну суранды
АКШ президенти Дональд Трамп Кытайга пландалган расмий сапарын бир айга жылдыруу өтүнүчү менен КЭРге кайрылды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Алгач америкалык лидердин Кытайга сапары 31-марттан 2-апрелге чейинки мезгилге белгиленген болчу. Бирок Трамп өзү журналисттерге билдиргендей, тараптар мөөнөттөрдү жылдырууну макулдашышкан: «Биз аны болжол менен бир айга жылдырууну сурандык».
Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитттин айтымында, бул чечим Ирандагы аскердик операциянын жүрүшүн көзөмөлдөө зарылдыгына байланыштуу: «Президент Кытайга боло турган сапарды чыдамсыздык менен күтүүдө. Даталар жылдырылышы мүмкүн. Жогорку башкы кол башчы катары учурда анын башкы милдети — бул операциянын мындан аркы ийгилигин камсыз кылуу», — деп түшүндүрдү Левитт.
Эки өлкө лидерлеринин мүмкүн болгон жолугушуусунун тегерегиндеги кырдаал Трамптын 16-мартта Бээжинге жасаган кайрылуусунан кийин курчуп кеткен. Анда АКШ президенти Кытайды Ормуз кысыгында коопсуздукту камсыздоодо Вашингтонго көмөк көрсөтүүгө чакырган.
Өз өтүнүчүн негиздеп жатып, Трамп Кытайдын бул деңиз коридорунан стратегиялык көз карандылыгын белгилеген: америкалык лидердин айтымында, Кытай импорттогон мунайдын 90%ы дал ушул Ормуз кысыгы аркылуу келет.
Трамп бул чакырыкка жоопту Бээжинге пландалган сапарынын баштапкы датасына чейин алууну көздөп жатканын баса белгиледи.