Кыргыз фондулук биржасында алгачкы ирет алтын сатылды — дээрлик 4 млн сомго

02.05.2026 | 13:00

30-апрелде Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) аянтчасында аффинаждалган алтынды сатуу боюнча алгачкы бүтүм түзүлдү. Сатып алуучу катары «Кыргызстан» МЭПФ» (Мамлекеттик эмес пенсиялык фонд) ААКсы чыгып, бүтүмдүн суммасы 3 939 108 сомду түздү.

Бүтүм 3-апрелде КФБ, «Кыргызалтын» ААК жана «Борбордук депозитарий» ЖАК ортосунда түзүлгөн үч тараптуу макулдашуунун алкагында ишке ашырылды. «Кыргызалтын» эмитент жана маркет-мейкер катары чыгып, эки тараптуу котировкаларды жана туруктуу ликвиддүүлүктү камсыздайт. Ал эми Борбордук депозитарий баалуу металлдарга болгон менчик укуктарынын эсебин жүргүзөт.

Соода катышуучуларына металлды сактоочу жайдан алып чыгуу, жооптуу сактоо — алгачкы 12 айда нөлдүк чен (ставка) менен — ошондой эле физикалык түрдө албастан эле кайра сатуу мүмкүнчүлүктөрү жеткиликтүү. Банктардын жеке кардарлары мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу алтынды накталай эмес формада сатып алууга, сатууга жана сактоого мүмкүнчүлүк алышат.

«Алгачкы бүтүм — биз үчүн тарыхый көз ирмем. Биз катышуучуларга алтын менен иштөөнүн баалуу кагаздар менен соода кылуудагыдай ыңгайлуу, ачык-айкын жана жөнгө салынган механизмин сунуштап жатабыз», — деп түшүндүрмө берди КФБнын баалуу металлдар менен соода кылуу секторунун жетекчиси Алмазбек Каракожаев.

Scroll to Top