Кыргызстандын Ош шаары менен Бразилия ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүдөКУУ орус тилин үйрөнүү үчүн жасалма интеллект платформасын киргизүү боюнча келишимге кол коётАкыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсызДепутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалдыКелечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
Кытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылат
28.04.2026 | 14:05
Кытайдагы Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө пункттары ишин убактылуу чектейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
30-апрелде саат 22:00дөн тарта «Эркеч-Там», ал эми саат 20:00дөн баштап «Торугарт» пункту ишин токтотот. Эки пункт тең 2-майда саат 08:00дө ишин кайра жандандырат.
«Бедел» көзөмөл-өткөрмө пункту 1-майдан 5-майга чейин (кошо алганда) жабык болуп, 6-майда саат 08:00дө ачылат.
Чек ара кызматы жарандарга жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына сапарларын пландаштырууда ушул маалыматты эске алууну сунуштайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика