Кыргызстандык Кубаныч Арынов АКШда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңдиБишкектен шаар сыртына каттаган таксилер эми Чыгыш автобекетинен жөнөйтЖилмассивдерди массалык газдаштыруу 2028-жылдан эрте башталбайт — МаматалиевБишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосун реконструкциялоого даярдык көрүлүүдөДекабрдан тарта укук коргоо органдарынын жана аскер кызматчыларынын айлыгы көбөйтүлөтКыргызстанда советтик курулуш ченемдерин заманбап стандарттарга алмаштыруу пландалууда
Трамп европалык жеңил жана жүк ташуучу унааларга 25 пайыздык бажы алымын киргизүүдө
02.05.2026 | 12:46

АКШнын президенти Дональд Трамп Европадан келген жеңил жана жүк ташуучу унааларга бажы алымдары 25 пайызга чейин жогорулатылганын жарыялады. Бул алымдар европалык компаниялар тарабынан түздөн-түз америкалык заводдордо чыгарылган унааларга жайылтылбайт.
Трамп бул чечимин Европа Биримдиги соода макулдашуусунун шарттарын аткарбай жатканы менен түшүндүрдү. Бирок Европарламент бул жүйө менен караманча макул эмес. Эл аралык соода боюнча комитеттин жетекчиси Бернд Ланге европалык тарап Шотландияда жетишилген макулдашууларды аткарууну улантып жатканын, ал эми тескерисинче, АКШ аларды бузуп жатканын билдирди. Ал Трамптын бул чечимин кабыл алынгыс деп баалады.