Дастан Бекешев Бишкекте бак-дарактардын массалык кыйылышына жана Жаратылыш ресурстары министрлигинин аракетсиздигине нааразы

09.04.2026 | 16:00

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ишин кескин сынга алды. Парламенттин жыйынында ал Бишкекте бак-дарактардын массалык түрдө кыйылып жаткан маселесин көтөрүп, ведомствону борбор калаанын климаттык көйгөйлөрүн курчутуп жаткан кырдаалга жигердүү кийлигишүүгө чакырды.

Эл өкүлү көрктөндүрүү маселелери негизинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгону менен, көйгөйдүн масштабы Жаратылыш ресурстары министрлигинин кийлигишүүсүн талап кыларын белгиледи.

Бекешев шаарды жашылдандыруу шылтоосу менен көп жылдык бак-дарактардын жок кылынып жатканына тынчсыздануусун билдирди.

«Бак-дарактар менен күрөш, азыр болуп жаткан нерсе — кыйып жатышат. Албетте, алар анын ордуна дагы көбүрөөк тигип жатабыз дешет. Бирок ал көчөттөрдүн өсүп кетишин эч ким эсептебейт. Жыл сайын жок эле дегенде биздин борбор калаа уламдан-улам катуу ысып баратканын көрүп жатасыздар. Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзам долбоору абдан актуалдуу», — деп баса белгиледи депутат.

Бекешевдин айтымында, массалык кыюунун кесепеттерин шаардыктар сезе башташты: «Жайкысын Бишкек шаарында чындап эле оор болууда». Ал көчөлөрдү жакында эле реконструкциялоону мисал келтирди: «Юнусалиевди караңыздарчы, мына Юнусалиев көчөсү — бүттү, бардык бак-дарактарды кыйып салышты. Азыр ал жерде кандай ысык болот. Баардык жерде ушундай кылып жатышат».

Депутат ошондой эле жергиликтүү бийликтин парктарды көрктөндүрүүгө болгон мамилесин сынга алды. Анын пикиринде, ал жерлерде жол салуу үчүн бак-дарактарды кыйып жатышат: «Ататүрк паркы, ал жерде жол салуу үчүн бак-дарактарды кыйып жатабыз. Бирок: “Биз тигип жатабыз да…” дешет. Алардын баары өсүп кетпейт да, биз ал көчөттөрдү тиктик да».

Депутаттын сынына жооп берип жатып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев ведомство өзүнүн аймактык бөлүмдөрү аркылуу кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирди.

«Биз кийлигишип жатабыз, ал жерде биздин жөнгө салуучу, көзөмөлдөөчү функцияларыбыз бар. Ал жердеги айрым куураган бак-дарактарды — эксперттер барып, жеринен көрүп, уруксат беришет», — деп түшүндүрдү министрдин орун басары. Ал депутаттын эскертүүлөрүн эске алууга убада берди.

Дастан Бекешев борбор калаадагы микроклиматтын андан ары начарлап кетишине жол бербөө үчүн Жаратылыш ресурстары министрлигин көзөмөл менен гана чектелбестен, бак-дарактардын массалык кыйылышын токтотуу үчүн шаар бийлигине эскертме (предписание) берүүгө чакырды.

Scroll to Top