Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартышты
Тоң районунда селден коргоочу дамба пайдаланууга берилди
14.04.2026 | 10:48

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Туура-Суу айылында Зындан тоо көлүнөн коргоочу дамбанын курулушу аяктады. ӨКМнын маалыматында, узундугу 284 метрди түзгөн дамба айылды жана ага чектеш аймактарды селден коргоо максатында курулган.
Курулуш ӨКМнын Аймактарды коргоо боюнча борбору тарабынан ишке ашырылган. Долбоор ЮНЕСКОнун «GLOFCA» программасынын алкагында Адаптациялык фонд тарабынан каржыланган. Объектини пайдалануу жана тейлөө милдети жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилген.
Иш-чарага ӨКМнын мониторинг жүргүзүү департаментинин директору Даурбек Сакыев, Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Мирлан Карабаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ЮНЕСКО уюмунун мүчөлөрү катышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом