Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
УКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартышты
14.04.2026 | 13:12

Нарын шаарында «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик уюмунун тарапташтары уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
13-апрелде атайын кызматтын кызматкерлери уюмдун тарапташтарына түшүндүрүү иштери жүргүзүшкөн. Ага Кыргызстан мусулмандарынын дин өкүлдөрү катышкан. Түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында уюмдун тарапташтары андан өз ыктыяры менен баш тартышкан.
“Алар мурунку ишенимдеринин ката экенин моюнга алып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Уламалар кеңешинин чечимдерин жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын талаптарын аткарууга даяр экендиктерин билдиришти”,- деп билдирди УКМК.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар