Соода-экономикалык кызматташуу, виза маселеси: Кыргызстан менен АКШнын ортосунда саясий консультациялар өттү

14-апрелде Вашингтон шаарында Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда саясий консультациялар өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары аныкталды. Иш-чарага Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жана АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Пол Капур төрагалык кылды.
ТИМдин маалыматында, консультациялардын жүрүшүндө тараптар саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүү маселеси каралган.
Мындан тышкары талкууда аймактык кызматташтыктын маанилүүлүгү белгиленип, Вашингтондогу «C5+1» саммитинин жана Бишкектеги «B5+1» бизнес-форумунун жыйынтыктарына баа берилген. Аталган иш-чаралар ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана Кыргызстанга америкалык компанияларды тартууга шарт түзгөн. Тараптар ошондой эле БУУ жана ЕККУнун алкагындагы көп тараптуу өз ара аракеттенүү маселелерине токтолушкан.
Жолугушуунун жыйынтыгында өз ара кызматташууну чыңдоо ниети айтылып, саясий консультациялардын кийинки раундун Бишкек шаарында өткөрүү макулдашылган.