Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруучу комитетинин жаңы курамы шайланды

Бүгүн, 15-апрелде, Бишкек шаарында өткөн Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) конгрессинде уюмдун 2026-2030-жылдарга Аткаруучу комитетинин жаңы курамы шайланды. Бул тууралуу биримдиктин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы жетекчилик курам КФБнын мүчө уюмдары тарабынан сунушталып, конгресстин делегаттары тарабынан шайланган. Анын жыйынтыгында КФБнын Аткаруучу комитетинин жаңы курамы бекитилди:
- Нурдин Букуев — биринчи вице-президент;
- Мирлан Акжигитов — вице-президент;
- Жылдыз Таалайбек кызы — вице-президент;
- Кайрат Эгембердиев — вице-президент.
Аткаруучу комитеттин мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр шайланды:
- Канатбек Абдыкадыров;
- Өмүрбек Бабанов;
- Асылбек Кадралиев;
- Кудайберди Кожобеков;
- Эмил Кутманов;
- Аскар Салымбеков;
- Азат Сакебаев;
- Уланбек Ногаев.
Ал эми КФБнын президенттик кызматына талапкерлер көрсөтүлбөгөндүктөн, конгрессте шайлоо өткөрүлгөн жок. Шайлоо өтө турган конгресстин датасы КФБнын Аткаруучу комитети тарабынан аныкталары айтылды.
Белгилей кетсек, конгрессте КФБнын президенти Камчыбек Ташиев эки жылдык ишмердүүлүгү боюнча отчёт берген. Ошондой эле ал бул кызматка кайрадан талапкерлигин көрсөтпөй турганын айтып, уюмдун жетекчиси кызматынан кетерин жарыялаган.