Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдар

15.04.2026 | 17:59

Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен кытайлык Everbeacon Data Intelligence Technology компаниясынын өкүлдөрү технология тармактарына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушууда аталган компания санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана маалыматтарды иштетүү боюнча өзүнүн сунуштарын айткан. Тараптар ошондой эле трансформация жаатындагы кызматташтык, «Акылдуу шаар», санариптик билим берүү жана инфраструктураны башкаруу системалары боюнча маселелерди карашкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришкен.

Scroll to Top