Унаасын оңдоп берем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалды

Чүйдө автоунааны оңдоп берем деп акча алып, качып кеткен деп шектелип 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, милицияга жаран арыз менен кайрылып, 9-мартта Lalafo жарыялар тиркемеси аркылуу автоунаа оңдоо кызматын көрсөтүүнү убадалаган адам аны алдап кеткенин билдирген. Анын айтымында, аталган адам анын Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаасын оңдоп берем деп 35 миң сом, ошондой эле кыймылдаткыч алып келүү шылтоосу менен 130 миң сом алган. Бирок ал милдеттемелерди аткарган эмес жана унаасын кайтарбай из жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 37 жаштагы С.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө учурунда С.Н. ушул сыяктуу дагы жети алдамчылык фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Учурда анын башка райондордогу кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.