Каржы министрлиги «Электрондук аудитке» өттү: текшерүүлөр аралыктан жана автоматтык түрдө жүргүзүлөт
Каржы министрлиги жаңы «Электрондук аудит» санариптик системасын ишке киргизди. Министрликтин өзүнүн IT-адистери тарабынан иштелип чыккан платформа тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүп, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып пилоттук режимде иштей баштады.
Система киргизилгенге чейин каржылык текшерүүлөр кол менен жүргүзүлчү: аудиторлор текшерилип жаткан уюмдарга жеке өздөрү барууга аргасыз болушкан. Бул процесс көп убакытты талап кылып, чоң кызматкерлер штатын кармоого жана иш сапарлар, суткалык төлөмдөр үчүн бюджеттен кошумча чыгымдарга алып келген.
Эми каржылык көзөмөл процесси толугу менен санариптештирилди. Жаңы платформа Ички аудит кызматынын бардык объекттерин камтыйт жана адам факторун минималдаштыруу принциби менен иштейт.
«Электрондук аудиттин» негизги функциялары:
- система тобокелдиктерди талдоого негизденип, текшерүү үчүн уюмдардын тизмесин автоматтык түрдө түзөт;
- бухгалтердик жана мамлекеттик маалыматтык системалардан маалыматтарды чогултуу адамдын катышуусуз — түздөн-түз баштапкы булактардан ишке ашат, бул маалыматтын жоголушун же бурмаланышын жокко чыгарат;
- үзгүлтүксүз талдоо жеринде барбай эле, аралыктан жүргүзүлөт;
- каржылык мыйзам бузууларды аныктоо үчүн 30дан ашык атайын тобокелдик индикатору колдонулат;
- система реалдуу убакыт режиминде мүмкүн болуучу эреже бузууларды аныктап, текшерүү актыларын өзү түзөт.
Мындан тышкары, иштөөнүн жаңы форматы аудитордун текшерилүүчү уюм менен түз байланышын толугу менен жокко чыгарып, процесстин ачык-айкындуулугун жогорулатат.
Каржы министрлиги системанын башкы артыкчылыгы — «болгондон кийин» (постфактум) көзөмөлдөн алдын алуучу мамилеге өтүү экенин баса белгилейт. Эми мыйзам бузуулар мамлекеттик бюджетке реалдуу зыян келтирилгенге чейин эле аныкталат.