Reporter.kg жана КР Гимнастика федерациясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюштуМинистрлер Кабинети бизнести видеокамераларын салык кызматы үчүн ачууга милдеттендирүүнү сунуштоодоОшто эки күнгө созулган «Окурман Ош» китеп фестивалы өтөтКыргызстан менен БУУ АПП климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жаңы кадамдарды белгилештиБишкекте №244 кичи автобустун кыймыл схемасы өзгөртүлдүБишкекте өздөрүн «Бонни жана Клайд» деп атаган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды — алардан баасы 12 млн сомдук баңгизат табылган
Ошто эки күнгө созулган «Окурман Ош» китеп фестивалы өтөт
17.04.2026 | 17:50

22–23-апрель күндөрү Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата «Окурман Ош» фестивалы өткөрүлөт. Иш-чара Ош шаардык мэриясы жана Улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулууда. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
22-апрелдеги программа:
- Саат 12:00дөн 13:00гө чейин ОшМУнун жыйындар залында окуучулар жана студенттер үчүн тест уюштурулат.
- Саат 13:00дөн 14:20га чейин С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында К. Иманалиевдин «Куса» драмасы боюнча спектакль көрсөтүлөт.
23-апрелдеги программа:
- Саат 11:00дөн 12:40ка чейин Т. Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында китеп окууга тартуу жана китеп менен камсыз кылуу маселелери боюнча тегерек стол өтөт.
- Саат 14:00дөн 16:00гө чейин ОшМУнун жыйындар залында акын-жазуучу Зинакан Пасанованын 70 жылдык мааракесине арналган кече өткөрүлөт.
- Саат 17:00дөн 18:40ка чейин Алымбек Датка эс алуу жайында китеп жарманкесинин ачылышы болот.
Фестивалга окуучулар, студенттер, акын-жазуучулар жана шаар тургундары катыша алышат. Окурмандар өз китептерин көргөзмөгө коюп, байгелерге ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Иш-чарага Ош мамлекеттик университети, Т. Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасы жана С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры өнөктөштүк кылууда.