Жыл башынан бери өлкөдө негизги капиталга инвестициялар 77 млрд сомдон ашты

2026-жылдын январь-март айларына карата өлкөдө инвестициялардын жалпы көлөмү 77 млрд 319 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,5%га көп. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, ички инвестициялардын көлөмү 1,2 эсеге, ал эми тышкы капиталдын агымы 1,5 эсеге өскөн.
Инвестициялар негизинен төмөнкү тармактарга багытталган:
- Кен казуу тармагындагы объектилердин курулушу;
- Кайра иштетүү өнөр жайы;
- Транспорт жана логистика;
- Энергетикалык инфраструктура.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик мындай оң динамика инвесторлордун Кыргызстандын реалдуу секторуна жана инфраструктуралык долбоорлоруна болгон жогорку кызыгуусу сакталып жатканын көрсөтөрүн билдирди. Ошондой эле мекеме инвестициялык климатты жакшыртуу, укуктук-нормативдик базаны түзүү, инвесторлордун укуктарын коргоо жана долбоорлорду коштоо боюнча иштер улантыларын кошумчалады.