Сергей Кожемякин: көп векторлуулук доору аяктап баратат, БА өлкөлөрүнө тандоо жасоого туура келет
Акыркы он жылдыктарда биз көнүп калган дүйнө мындан ары болбойт — жаңы экономикалык жана саясий күч борборлору калыптанууда. Бирок АКШ башында турган эски борборлор өз позицияларын өз эрки менен өткөрүп бергиси келбейт. Мындай пикири менен саясий илимдердин кандидаты Сергей Кожемякин Reporter.kg сайтына бөлүштү.
Ал көптөгөн постсоветтик мамлекеттер үчүн көнүмүш болуп калган кырдаалга жараша маневр жасоо жана буйтап өтүү саясаты мүмкүн болбой бара жатканын баса белгиледи.
«Жашырбай эле коёлу, биздин өлкөлөр 30 жылдан ашуун убакыттан бери ири державалардын атаандаштыгынан пайда көрүүгө аракет кылып, көп векторлуу делген саясатты жүргүзүп келишти. Көз алдыбызда бул саясат туңгуюкка кептелүүдө — бүгүн Борбордук Азиядан приоритеттерин так аныктап алууну талап кылып жатышат жана бул талаптар барган сайын катаал болууда. Мен так ушул Батыш тараптан коюлуп жаткан талаптарды айтып жатам», — деди Сергей Кожемякин.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө аймактагы алдыңкы өлкөлөр — Казакстан менен Өзбекстанга өзгөчө катуу басым жасалууда. Ал бул кысымдар өз натыйжасын берип жатканын белгиледи.
«Мен акыркы жарым жылдагы окуяларды, мисалы, өткөн жылдын ноябрында Вашингтондо өткөн «Борбордук Азия — АКШ» (C5+1 форматы) саммитин эстөөнү сунуштайм. Астана менен Ташкент Американын экономикасына миллиарддаган доллар инвестициялоо милдеттенмесин алышкан, андан кийин критикалык маанилүү минералдардын кендерине жетүү боюнча келишимдерге жетишилген», — деди Кожемякин.
Анын айтымында, Казакстанда америкалык компаниялар вольфрам жана сейрек кездешүүчү жер металлдарынын кендерин иштетүүнү баштады.
Андан ары, деп сөзүн улантты Кожемякин, Астана мусулман өлкөлөрү менен Израилдин мамилелерин нормалдаштыруу демилгеси болгон Авраам келишимдерине (Ибрахим келишимдерине) кошуларын билдирген.
«Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да казакстандык кесиптешинен калышкан жок. Ал АКШнын бир дагы президенти Борбордук Азияга Трамптай мамиле кылбаганын жана анын көңүл буруусу абдан көп нерсени түшүндүрөрүн билдирди. Мирзиёев ошондой эле Ак үйдүн башчысын дүйнөнүн (тынчтыктын) президенти деп атады», — деп эскертти Кожемякин.
Эксперт ошондой эле үстүбүздөгү жылдын февраль айында Вашингтондо өткөн критикалык минералдар боюнча биринчи министрлик конференцияга БА өлкөлөрүнүн катышуусун мисалга келтирди. Бул жыйынга төрагалык кылган АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Кытайды жеткирүү чынжырларын бузуп, дүйнөлүк экономиканы туруксуздаштырууда деп ачык эле айыптаганына карабастан, алар сейрек кездешүүчү металлдарды биргелешип иштетүү боюнча милдеттенмелерди алышкан.
«Андан кийин, ошол эле февраль айында Казакстан менен Өзбекстан кошулган «Тынчтык кеңеши» өттү, анда да сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимдерге кол коюлду. БА өлкөлөрү биринен сала бири, мисалы, Starlink спутниктик системасына кошулууда: Казакстан Тажикстан сыяктуу эле кошулуп бүттү, кезекте Өзбекстан турат. Эң негизгиси, бул саясат Иранга каршы агрессия башталгандан кийин да токтогон жок. Андан да жаманы, Казакстан агрессия үчүн АКШ менен Израилди эмес, араб монархияларындагы объекттерге жооп иретинде сокку урганы үчүн Тегеранды айыптады», — деди Кожемякин.
Саясат таануучунун айтымында, андан ары Казакстандын бийлиги Ирандын ички иштерине ачыктан-ачык кийлигишип, Ислам Республикасынын президенти толук бийликке ээ эмес экенин жана өлкөдө кош бийлик өкүм сүрүп жатканын билдирип, мындай нерсе дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө, анын ичинде Казакстанда да болбошу керек деп кошумчалаган.
«Андан кийин Израилдин президенти Ицхак Герцог менен сүйлөшүү болду. Ошол эле учурда Казакстандын энергетика министри Ерлан Аккенженов АКШга барып, ал жактан Казакстанда мунай иштетүүчү завод курууну жана Каспий деңизинин транспорттук потенциалын биргелешип колдонууну сунуштады. Башкача айтканда, АКШны Ирандын да чыгуучу жолу болгон Каспийге иш жүзүндө чакырып жатышат. Жана муну достук кадам деп атоого өтө кыйын», — деп түшүндүрдү Кожемякин.
Эксперт ошондой эле өзбек делегациясынын АКШга болгон сапарын жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларын белгиледи. Анын айтымында, мунун баары Ирандын тегерегиндеги жаңжалдын фонунда болуп жатат.
«Иран — бизге бөтөн өлкө эмес, ал ШКУнун мүчөсү, ЕАЭБ менен эркин соода жүргүзүү келишими бар өлкө, биздин союздашыбыз. Борбордук Азия өлкөлөрүн батыш державаларынын тарабына өтүүгө мажбурлоо — бул аймактын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына сокку уруу дегенди билдирет», — деди Кожемякин.
Башкача айтканда, эксперттин пикиринде, Борбордук Азияны иш жүзүндө Батыштын сателлитинин (көз каранды өлкөсүнүн) ролуна түртүп жатышат, бирок бул кыйроого алып баруучу жол. Жана муну, анын айтымында, араб монархияларынын мисалынан даана көрүүгө болот.
Анын пикиринде, эгерде Ирандан кийин АКШнын кызыкчылыктары Кытай менен Россияга жайылса, биринчи эле ыңгайлуу учурда аймакты курмандыкка чалып жибериши мүмкүн.
«Менимче, биздин жетекчилер жыйынтык чыгарып, утурумдук кызыкчылыктар узак мөөнөттүү кызыкчылыктарды көлөкөдө калтырбашы керектигин түшүнүшү зарыл. Ал эми биздин аймактын узак мөөнөттүү кызыкчылыктары — салттуу өнөктөштөр болгон Россия, Кытай жана Иран менен интеграцияланууда. Евразиялык мейкиндикти калыптандыруу чындыгында эле бизди заманбап чакырыктардан коргой алат, ал эми батыш дүйнөсү менен болгон байланыштар тууралуу минтип айтууга болбойт», — деп билдирди Кожемякин.
Жыйынтыгында, деп баса белгиледи эксперт, мурдагы көп векторлуулук жана саясий корректтүүлүк — бул туңгуюк, андыктан тышкы оюнчулардын эмес, өз кызыкчылыктарыбызга таянып тандоо жасоо зарыл.