Кара-Сууда жол кырсыгы болуп, үч айыл өкмөт башчысы каза болду

21.04.2026 | 13:37

Кара-Суу районунда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы болду. ЖКККБнын маалыматына ылайык, 66 жаштагы А.А. башкарган Hyundai Accent унаасы жолдон чыгып кетип, жардан кулап, андан соң каналга түшүп кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу жана анын үч жүргүнчүсү ошол жерден каза болушкан. Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Reporter.kg басылмасына тактагандай, каза болгондордун арасында Жаңы-Арык айылынын 64 жаштагы башчысы Асамидин Ураимов, Таш-Арык айылынын 50 жаштагы башчысы Абдулазиз Маматалиев, Ак-Терек айылынын 68 жаштагы башчысы Абдисатар Алиев жана 49 жаштагы муниципалдык кызматкер Бахтияр Асанов бар.

Маалым болгондой, алардын баары жаназага бара жатышкан. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү маселеси каралары айтылды.

Scroll to Top