Байтик айылынан «Ала-Арча» паркына чейин веложол курулууда

21.04.2026 | 16:48

Чүйдүн Байтик айылынан «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына чейин узундугу 13 чакырымды түзгөн веложолдун курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги маалымат берди.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча веложолдун 4 миң 200 метр аралыгына асфальт төшөлгөн. Учурда жолдун 4 миң 800 метр тилкесинде жер иштери жүргүзүлүүдө. Мекеме курулуш иштери бекитилген графикке ылайык аткарылып жатканын билдирди.

Долбоор аймактын туристтик потенциалын жогорулатууга жана жарандардын эс алуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Scroll to Top