Мирлан Жээнчороев ант берип, Жогорку Кеңештин депутаты болду

22.04.2026 | 11:00

Жаңы депутат Мирлан Жээнчороев парламент жыйынында ант берип, расмий түрдө өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аны №21 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары каттаган.

Эске салсак, бул округ боюнча мандат Кубанычбек Конгантиев ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшырып бергенден кийин бошогон.

Кийинки талапкер катары Чыңгыз Айдарбеков каралган. Бирок БШК ага мандатты узак убакыт бербей, Ички иштер министрлигинин текшерүүсүнө шилтеме кылган. Ага карата кылмыш иши козголуп, кийин Айдарбеков мандаттан өз ыктыяры менен баш тартканын билдирген.

Scroll to Top