Жайыл районунун базарларында быйылкы сезондун алгачкы кулпунайы сатыкка чыкты

22.04.2026 | 12:33

Жайыл районунун базарларында жаңы түшүмдөгү кулпунай сатыла баштады. Сатыкта негизинен Жайыл жана Панфилов райондорунун фермерлери өстүргөн «Альбион» сортундагы кулпунайлар басымдуулук кылууда.

Бул мөмөлөр чоңдугу менен айырмаланып, сатып алуучулар арасында жогорку суроо-талапка ээ болууда.

Суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги фермерлерге заманбап агротехнологияларды колдонууда колдоо көрсөтүп келет, бул болсо түшүмдү эрте алууга шарт түзүүдө.

Scroll to Top