Адылбек Касымалиев Монголиянын элчисин Кыргызстандагы миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Монголиянын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Содном Ганхуяг менен анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар акыркы жылдары эки тараптуу мамилелер жигердүү өнүгүп жатканын белгилешти — мамлекет башчыларынын мамлекеттик сапарлары, Монголиянын премьер-министринин Бишкекке расмий сапары, ошондой эле Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын бир катар жыйындары өттү.
Адылбек Касымалиев сентябрь айында Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн эске салып, монгол делегациясынын ага салттуу түрдө жигердүү катышарына үмүтүн билдирди. Өз кезегинде Элчи эки тараптуу мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин тастыктады.