Эльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган соода деңизде сүзүү тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Бул тууралуу Reporter.kg сайтына депутат Эльвира Сурабалдиева түшүндүрүп берди.
Мыйзам долбоорунда Деңиз кодексин кабыл алуу каралган. Депутаттын айтымында, Кыргыз Республикасынын соода деңизде сүзүү кодекси — бул өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр.
«Көп учурда “Кыргызстанда деңизге чыгуу жок болсо, деңиз кодекси эмне үчүн керек?” деген суроо берилет. Жооп принципиалдуу. Бул жерде география эмес, укук жана экономика жөнүндө сөз болуп жатат. Соода деңизде сүзүү кодекси — бул биздин дүйнөлүк океанга юридикалык “дарбазабыз”. Бул деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өлкө макамын атаандаштык артыкчылыкка айлантуучу инструмент», — деди Сурабалдиева.
Эл аралык укукка ылайык, Кыргызстан ачык деңизге чыгуу жана деңизде эркин жүрүү укугуна ээ. Депутаттын айтымында, өлкө бул укукту толук кандуу пайдалана баштайт.
Бул эмнени берет?
— Укуктук боштук жоюлат, так жана түшүнүктүү эрежелер түзүлөт. Кыргызстан эл аралык деңиз ишмердүүлүгүнүн толук кандуу катышуучусуна айланат.
— Кемелерди каттоонун заманбап системасы жана эл аралык реестр түзүлөт. Бул тармак ачык жана жөнгө салынган болуп, мамлекет көзөмөл жүргүзүп, кызматтарды өнүктүрө алат.
— Жаңы жумуш орундар пайда болот — логистика, санарип башкаруу жана деңиз укугу тармактарында.
«Ошондой эле кыска мөөнөттүү окутуу программаларын уюштуруп, сервис тармагында, анын ичинде круиз индустриясында иштей турган адистерди даярдоого болот. Бул сегментте эмгек акы жогору бойдон калууда, бул жарандардын кирешесин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет», — деди депутат.
— Бизнеске колдоо көрсөтүлөт: ишкерлер деңиз ташууларга катышып, чыгымдарын азайтып, дүйнөлүк жеткирүү чынжырларына түз кошула алышат.
— Кыргызстан заманбап глобалдык стандарттар боюнча иштөөгө жөндөмдүү экенин көрсөтөт.
Мындан тышкары, өлкө транспорттук көз карандысыздыгын жогорулатып, логистикалык чыгымдарды кыскартат жана транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтет — темир жол долбоорлорун деңиз маршруттары менен айкалыштыруу аркылуу.
Сурабалдиеванын айтымында, мыйзам долбоору олуттуу бюджеттик чыгымдарды талап кылбайт. Тескерисинче, ал жыйымдар, салыктар жана кызмат көрсөтүүлөр аркылуу кошумча киреше алып келет.
Деңиз кодекси эмнени жөнгө салат?
— деңиз аркылуу жүк ташуу;
— кемелерди каттоо жана эл аралык реестрди жүргүзүү;
— экипаждардын ишмердүүлүгү жана эмгек шарттары;
— техникалык көзөмөл жана эл аралык талаптарга шайкештик;
— келишимдик мамилелер (фрахт, буксирлөө, камсыздандыруу);
— коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери.
Жөнөкөй айтканда, бул кодекс Кыргызстанга тиешелүү эл аралык деңиз ташууларынын бардык эрежелерин аныктайт.
«Соода деңизде сүзүү кодекси — бул жөн гана формалдуулук эмес. Бул жаңы экономикалык тармактын негизи. Бул биздин жарандарга жана бизнеске глобалдык рынокто иштөөгө мүмкүнчүлүк берип, өлкөнүн экономикасын жана эл аралык позициясын бекемдейт», — деди Сурабалдиева.