Чет өлкөлүктөр кайырчылык кылганы үчүн өлкөдөн чыгарылат — КР президентинин жарлыгы
Кыргызстандын президенти кайырчылык үчүн жоопкерчиликти жана аны жасаган чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгарууну караган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, өзгөртүүлөр айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодекске, «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамына) киргизилди.
Документ кайырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө, анын коомдук тартипке тийгизген терс таасирин жоюуга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле жарандардын аярлуу катмарын эксплуатациялоодон коргоого багытталган.
Мыйзам менен Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Атап айтканда, кайырчылык кылуу жана ага тартуу үчүн жоопкерчилик киргизилди (126-1 жана 126-2-беренелер).
Ошондой эле кайырчылык кылган же ага башкаларды тарткан чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгаруу каралган.
Иштерди кароонун тартиби аныкталды: айрым беренелер боюнча — соттор тарабынан, башкалары боюнча — ички иштер органдары тарабынан каралат. Мындай укук бузууларды жасаган адамдарды кармоо укугу ички иштер органдарына (ИИО) бекитилди.
Өзгөртүүлөр ошондой эле «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамына да киргизилди. Анда кайырчылык кылган же ага башкаларды тарткан чет өлкөлүк жарандар Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылары белгиленген.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 2-апрелинде кабыл алынган.