Аксынын тургундары баланы чоң энеси сабаганы боюнча КР президентине даттанышты — чоо-жайы

17.04.2026 | 13:08

Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун төрт жашар тургуну сабалганы тууралуу маалымат, ошондой эле анын бети көгөрүп, шишип кеткен сүрөтү тарады. Билдирүүнүн авторунун айтымында, наристе чоң энеси тарабынан физикалык зомбулукка кабылган.

Коңшулары Кыргызстандын президентине кайрылып, аны мыйзам чегинде жоопко тартууну суранышкан.

«Саламатсызбы, урматтуу Садыр Нургожоевич! Бул бала чоң энеси тарабынан дайыма ырайымсыз мамилеге жана ур-токмокко кабылып келет. Аны мыйзам чегинде жоопко тартууңуздарды суранабыз. Биз тиешелүү органдарга кайрылганбыз, бирок чоң эне дагы деле жазасыз калууда. Тиешелүү органдар баланын тагдырына шалаакылык жана кайдыгерлик менен мамиле кылып жатат деген ойдобуз», — деп айтылат билдирүүдө.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан Reporter.kg сайтына билдиришкендей, 2026-жылдын 10-апрелинде Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө Аксы районунун Кызыл-Жар айылында жашаган 2022-жылы туулган баланын денесинде жаракаттар (бети жана денеси көгөргөнү) бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталды, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Scroll to Top