УКМК «Евразия» соода борборуна эки ирет бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген шектүүнү кармады

24.04.2026 | 17:08

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери бомба коюлганы тууралуу бир катар жалган билдирүүлөрдү берүүгө шектелген Ж.У.М. аттуу жаранды кармашты. Мекеменин маалыматы боюнча, дал ушул жаран 2026-жылдын 20- жана 21-апрелинде борбор калаадагы «Евразия» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу кабарлаган.

Тергөөдө аныкталгандай, шектүү өзүнүн өздүгүн кылдат жашырууга аракет кылган. Жашыруундуулукту камсыз кылуу үчүн ал Telegram мессенжери аркылуу иш алып барган.

Кармалган жаран көмүскө каналдар аркылуу үчүнчү жактардан алдын ала катталган жана колдонууга даяр аккаунттары бар SIM-карталарды сатып алып, дал ошол номерлерден бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүп турган.

УКМКдан түшүндүрүшкөндөй, кармалган адамды мындай оор кылмышка кадимки эле бейбаштык ниети түрткөн. Мындан тышкары, ал кызыгуудан улам — укук коргоо органдары мындай сигналга канчалык ыкчам жана кандайча жооп кайтарарын текшерип көрүүнү каалаган.

КР УКМК терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү тамаша эмес экенин эскертет — Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык бул катаал жазага тартылуучу оор кылмыш катары квалификацияланат.

Атайын кызмат жарандарды кыраакы болууга жана эч кандай жагдайда өздөрүнүн жеке маалыматтарын, ошондой эле өз атына катталган SIM-карталарды чоочун адамдарга бербөөгө катуу эскертет, анткени алар кылмыш жасоо үчүн колдонулуп калышы ыктымал.

Scroll to Top