Данияр Мамыров: Ислам каржылоосу кандай иштейт жана эмнеге башка банктарга караганда кымбатыраак

24.04.2026 | 17:24

Калкынын басымдуу бөлүгү мусулман болгон Кыргызстанда ислам принциптерине негизделген финансылык кызматтарга суроо-талап абдан чоң жана ал күн санап өсүүдө. Ошого карабастан, бул тармак дагы эле эскирген салык мыйзамдары, ашыкча бюрократия жана суммасы насыянын өзүнө барабар болуп калган айып пулдар сыяктуу көйгөйлөргө туш болууда. Бул маселелердин себеби эмнеде жана аларды кантип чечсе болот? Бул тууралуу финансы боюнча эксперт Данияр Мамыров Reporter.kg  менен болгон маегинде кенен айтып берди.

Ислам банк иши деген эмне?

Ислам банк ишинин салттуу банктан негизги айырмасы сүткорлукка, башкача айтканда, үстөк пайыз алууга тыюу салынгандыгы. Бул кардарларга пайыз төлөөдөн качууга мүмкүндүк берген каржылоонун жана келишимдерди түзүүнүн башкача жолу. Пайыздардын ордуна киреше менен чыгашаны бөлүштүрүү ыкмалары, соода моделдери (атап айтканда, мурабаха – банк товарды сатып алып, үстүнө пайда кошуп кайра сатуусу) жана лизинг (ижара) операциялары колдонулат.

Ошол эле учурда ислам каржылоосу өлкөдө кабыл алынган негизги пайыздык чендерди баа түзүүдө багыт катары колдонууга тыюу салбайт. Эксперттин айтымында, бул калкка кадимки эле финансылык кызматтарды, бирок белгилүү бир диний-этикалык принциптерди сактоо менен алууга мүмкүндүк берген система. Бул эрежелердин аткарылышын банк өзү көзөмөлдөөгө милдеттүү.

Кыргызстанда ислам банк иши кандай өнүгүүдө?

Кыргызстанда ислам банк ишинин башталышы болуп 2005-жыл эсептелет. Бул «ЭкоИсламикБанктын» пилоттук долбоору ачылган учурга туш келет. Ошондон бери бул тармак ушунчалык өстү, атүгүл кадимки пайыз менен иштеген салттуу банктар өздөрү да «ислам терезелерин» ачууга кызыга башташты.

Данияр Мамыров түшүндүргөндөй, «ислам терезелери» деген банкка чоң инвестициясыз жана негизги капиталга коркунуч келтирбестен исламдык кызматтарды сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берген ыкма. Мында банк капиталы исламдык жана исламдык эмес болуп так бөлүнүшү керек, аралаштырууга таптакыр мүмкүн эмес жана жол берилбеши керек. Мындай терезелер банк бренди менен же өзүнчө бренд, же туунду компания катары иштей алат. Аларды банктардан тышкары микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар да ача алышат.

Бул ыкма рыноктун ыкчам темпте өсүп жатканын көрсөттү. Эксперттин айтымында, 2024-жылга салыштырмалуу Кыргызстанда исламдык каржылоонун үлүшү жалпы банк тармагынын активдеринин 2–3%ына жетип, андан соң 5%га чейин көтөрүлгөн. Эгер мурда банктар жалаң гана тиричиликке керектүү майда-чүйдө буюмдарды (керектөөчү насыялар) алып берүү менен чектелсе, азыр рынокто татаалыраак кызматтар, атап айтканда, ипотекалыккызматтар да пайда боло баштады.

Эмне үчүн исламдык каржылоонун пайызы кымбат жана аны кантип жойсо болот?

Кыргызстандагы ислам банк ишинин эң негизги кемчилиги кардар үчүн кызматтардын башка салттуу банктарга караганда кымбатыраак болушу. Эксперт Данияр Мамыров мунун себебин мындайча түшүндүрөт. Кадимки салттуу банкта баары жөнөкөй: банк сизге эле насыяны түз берет, сиз ал акчаны өзүңүз каалагандай жумшайсыз. Ал эми исламдык каржылоодо акча жөн эле берилбейт, ал жерде атайын юридикалык келишимдер түзүлөт. Бул кандай иштейт? Банк алгач сиз каалаган өзүнүн атына сатып алат. Андан кийин гана үстүнө өзүнүн пайызын эмес, пайдасын кошуп сизге кайра сатат. Лизингде да ушундай: банк мүлктү сатып алат, ал сиздин атыңызга катталат, бирок сиз акчасын толук төлөп бүткөндөн кийин гана ал мүлк толук сиздин менчигиңизге өтөт. Бул эң азы эки операцияны билдирет. Демек кошумча чыгымдар пайда болот: салыктар, күрөө каттоо, кардардын келип-кетүүсү, электрондук эсеп-фактураларды берүү жана башка административдик чыгымдар. Акырында бул чыгымдардын баары кардардын мойнуна жүктөлөт. Эксперттин пикиринде, бул маселени чечүүнүн негизги жолу санариптештирүү. Дүйнөлүк практикада сатуучулар электрондук эсеп-фактураларды исламдык продукт (мисалы, мурабаха) катары белгилеп жөнөтүшөт, бул ашыкча салык отчеттуулугун азайтат. Кыргызстанда бул процесс жаңы гана башталып жатат: IT-системалар киргизилүүдө, бирок Салык кодексинде бул маселелер толук жөнгө салынган эмес. Бул боюнча жумушчу топ түзүлгөнүнө эки жылга жакындаганы менен, иш али толук аяктай элек.

Мөөнөтүнөн мурда төлөө: жеңилдик банктын каалоосуна жараша

Учурда Кыргызстанда ислам каржылоосу боюнча, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда төлөө маселелерин жөнгө салган жаңы ченемдик-укуктук актылар кызуу талкууланууда.

Мамыров мурабаханын өзгөчөлүгүн мындайча түшүндүрөт: мында үстөк баа келишимдин бүткүл мөөнөтүнө белгиленген өлчөмдө болот жана келишимдин бардык шарттары өзгөрүүсүз калат. Мурда айрым өлкөлөрдө, мисалы Сауд Аравиясында, насыя алуучулар мөөнөтүнөн мурда төлөсө да, үстөктүн толук суммасын төлөөгө милдеттүү болушкан. Бул исламдык банктарды салттуу банктарга салыштырмалуу ыңгасыз абалга койгон, анткени салттуу банктар пайдаланылбаган пайыздарды кайра эсептеп, кардарга кайтарып беришет. Мындай чечим туура эместигин түшүнгөндөн соң көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө жаңы практика киргизилген: мөөнөтүнөн мурда төлөөдө жеңилдик берүү же бербөө банктын чечимине жараша болот. Бул шарт келишимде алдын ала жазылып, кардар ага кол коёт. Кыргызстанда да жаңы нормативдик актылар дал ушул моделди сунуштап жатат. Эксперттин айтымында, Кыргызстандагы жаңы ченемдик укуктук актылар да так ушул моделди сунуштап жатат.

Кечиктирүүлөр, айып пулдар жана кайрымдуулук

Кечиктирилген төлөмдөр үчүн айып пулдар маселеси да өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Мында Мамыров эки түшүнүктү белгилейт. Айып пулдар жана туумдар өз милдеттенмелерин бузган учурда алынат жана алар толугу менен кайрымдуулукка багытталышы керек, башкача айтканда банк үчүн киреше боло албайт. Ал эми туруксуздук үчүн бул банк административдик чыгымдарды жабуу үчүн ала турган каражат жана аны банк өзүндө калтырууга укуктуу. Жакынкы убакытка чейин Кыргызстанда айып пулдар менен туумдардын өлчөмү чектелчү эмес. Бир катар коммерциялык банктарда алардын суммасы берилген насыяга барабар болуп өсүп кеткен учурлар катталган. Айрым банктар кечиктирилген карызды төлөө учурунда бул айып пулдарды жөн эле эсептен чыгарып салышып, иш жүзүндө жөнгө салуунун жоктугунан кыянаттык менен пайдаланышкан. Жаңы сунушталып жаткан эрежелерге ылайык, айып пулдардын жана пенялардын жалпы суммасы келишимдин бүт мөөнөтүндө каржылоо суммасынын 10%ынан ашпоого тийиш.

Салыштыруу үчүн: Малайзияда негизги пайыздык чен 6% болгондо, айып пулдардын жалпы чеги да болжол менен 6% түзөт. Анын ичинен 1% банкка административдик чыгым катары калса, калган 5% кайрымдуулукка жумшалат. Практикада малайзиялык банктар кээде бул айып пулдардын көбүн таптакыр албай коюшат, анткени аларды кайрымдуулукка өткөрүү да кошумча чыгымдарды талап кылат. Эксперт белгилегендей, шарттар исламдык жана салттуу банктар үчүн бирдей болушу керек, ал эми айып пулдар өлкөдөгү негизги пайыздык ченге шайкеш болушу зарыл. Жаңы нормалар ушул багытта иштелип жатат.

Ислам каржылоосунун артыкчылыктары: этика жана туруктуулук

Ислам банк ишинин атаандаштык артыкчылыктары тууралуу суроого Мамыров салмактуу жооп берет: негизги баа түзүү жагынан шарттар атайын салттуу банктар менен бирдей деңгээлде кармалып турат. Бул эки система параллелдүү өнүгүшү керек болгон дуалдык моделдин негизги талабы болуп эсептелет. Бирок ислам банк ишинин башка артыкчылыктары бар.

Ал этикалык жана моралдык принциптерге шайкеш келет: банктар алкоголь, кумар оюндары, казино жана көңүл ачуу индустриясы менен байланышкан уюмдарды инвестициялоого жана каржылоого укугу жок. Ошол себептүү аны Улуу Британияда «этикалык банкинг» деп аташат. Мындан тышкары, ар бир келишимдин артында сөзсүз реалдуу нерсе — товар же мүлк турушу керек.

Бул система кризистерде туруктуураак болушуна жардам берет. Мисалы, 2008-жылдагы каржы кризисинде салттуу банк системасы кыйналган, себеби кээ бир финансылык кагаздар чыныгы активге эмес, жөн эле карызга негизделген болчу. Ал эми исламдык каржылоодо мындай болбойт, ар дайым реалдуу актив болушу шарт.

Ислам баалуу кагаздары — Сукук

Ислам каржылоосунда салттуу облигациялардын альтернативасы катары сукук — ислам облигациялары же үлүштүк жана ижаралык катышуу сертификаттары кызмат кылат. Эң негизги айырмасы бул карыздык кагаз эмес. Анын негизинде сөзсүз реалдуу актив турат. Мисалы, ижарага берилген кыймылсыз мүлк болуп, ал киреше алып келет. Ошол активден түшкөн акча инвесторлорго бөлүштүрүлөт жана ал чыгарылыштын негизги камсыздоосу болуп эсептелет. Техникалык жактан алганда, сукук чыгарылганда атайын туунду компания түзүлөт.

Ал компания эмитенттин атынан баалуу кагаздарды инвесторлорго жайгаштырат. Ал эми негизги актив ошол компаниянын балансында турат. Ошентип, сукук кармоочулар жөн гана кайтарып берүү убадасына эмес, реалдуу актив бар экенине да таянышат. Мамыровдун айтымында, Кыргызстанда буга чейин мудараба (пайданы бөлүштүрүү) принцибине негизделген исламдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча бир жеке пилоттук бүтүм болгон.

Бирок эл аралык инвесторлорду тартуу үчүн сукукту ачык чыгаруу зарыл. Муну мамлекеттик компания же мамлекеттик каржы институту ишке ашырганы дурус болот. Анткени бул дүйнөлүк рынокко Кыргызстан аталган инструмент үчүн ачык экендиги тууралуу сигнал болмок.

Региондогу атаандаштык жана колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр

Эксперт региондогу атаандаштык өтө күчтүү экенин белгилейт. Казакстан менен Өзбекстан исламдык каржыны активдүү өнүктүрүп жатышат жана алардын банктык активдери да кыйла чоң. Казакстанда буга чейин исламдык облигациялар бир эле учурда Астана, Катар жана Улуу Британиядагы аянтчаларда катталуу (ко-листинг) аркылуу жайгаштырылып келет.

«Астана» эл аралык финансы борбору салыктык жеңилдиктерди жана заманбап инфратүзүмдү түзүү менен көптөгөн чет элдик юридикалык жана инвестициялык компанияларды тартууга жетишти. Мамыровдун пикиринде, Кыргызстанда өзүнүн финансылык борборун түзүү үчүн бардык шарт бар: географиялык ыңгайлуу абал, салыштырмалуу жумшак мыйзамдар, ошондой эле Жакынкы Чыгыштан келген инвесторлорду капитал жайгаштыруу үчүн жаңы аянтчаларды издөөгө түрткөн геосаясий кырдаал.

Ошондой эле Мамыров Кыргызстанда Эл аралык «Тамчы» финансы борбору түзүлүп жатканын белгилейт. Ал борбор англис укугуна негизделип, британ компанияларынын колдоосу менен иштей турганын пландалууда. Бирок, анын пикиринде, мамлекет бул милдетти чет элдик өнөктөштөргө гана жүктөбөстөн, Бишкек шаарынын аймагында мындай түзүмдөрдү өзү демилгелеп түзүшү керек.

Жаш адистерге кеңеш

Маектин соңунда Мамыров исламдык каржы тармагында иштөөнү каалаган жаш адистерге кайрылды. Анын баамында, бул келечектүү багыт, анткени рынок өсүп жатат, активдер көбөйүүдө жана калктын суроо-талабы да абдан жогору. Ал эл аралык сертификаттарды — атап айтканда, AAOIFI же CIMA алууну жана сөзсүз түрдө англис тилин үйрөнүүнү сунуштайт, анткени бардык кесиптик адабияттар жана стандарттар дал ушул тилдерде чыгат. 

Ошондой эле Мамыров жөнгө салуучу органдарга жана мамлекеттик түзүмдөргө кайрылып, жаңы инструменттерди киргизүүдөн жана реформаларды жүргүзүүдөн коркпоого чакырат. Бирок муну ойлонулган, бардык тараптардын исламдык да, салттуу да банктардын кызыкчылыгын эске алуу менен жүргүзүү зарыл экенин айтат. Башкы максат өлкөгө инвестиция тарта алган атаандаштыкка жөндөмдүү финансылык хабын түзүү.

Маалымат иретинде

Данияр Мамыров ислам банк иши жаатында 10–15 жылдан ашык тажрыйбасы бар финансы эксперти. Ал Куала-Лумпурдагы Исламдык каржылоо боюнча сертификатталган адистер институтунун адиси болуп саналат. Ар кайсы мезгилде Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын алдында ислам банк иши жаатындагы жаңы мыйзамдарды жана ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуучу жана киргизүүчү жумушчу топторго катышкан. Өлкөнүн коммерциялык банктарында жана микрокаржы уюмдарында, ошондой эле беш жылдай Малайзияда эмгектенген. Учурда исламдык каржылоо жаатында жеке консалтингдик компаниянын кеңешчиси болуп саналат.

Scroll to Top