Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылдыБишкек Брюсселдин бутасында: Евробиримдик Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүнбү?
10-июнь: Коронавирус 38 адамдан табылды, 89 адам айыгып чыкты
10.06.2020 | 10:03
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 38 адамдан жаңы катталды. Бул тууралуу 10-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөт үйүндө өткөн онлайн-бирифингде билдирди.
Коронавирус аныкталган аймактактар: Бишкек ш. – 19;
Чүй облусу – 6;
Нарын облусу – 1;
Ош ш. – 6;
Ош облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 2;
Талас облусу – 1.
Жалпысынан 10- июнга карата Кыргызстанда коронавирус 2093 адамга жуккан.
Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 89 бейтап айыгып чыгып, жалпы айыккандардын саны 1572 адамга жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом