Путин Бээжинге келди: Си менен сүйлөшүүлөр жана кол коюла турган 40 документДепутат исламдык камсыздандырууга кыргызча аталыш берүүнү сунуштады«Асман Эйрлайнс» авиабилеттерди расмий каналдар аркылуу сатып алууну сунуштайтЖээнбек Кулубаев Мозамбик жана Намибияга расмий сапар менен барат27-майда Курман айтка байланыштуу КТБлар иштебейтСаякат ушул жерден башталат: MTravel Day кантип асманга билеттерди таратып, туризмдин келечегин тааныштырды
Баткенде жол кырсыгынан бир адам каза болду
10.06.2020 | 09:46
Баткен шаарында жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 10-июнь күнү саат 02:38де шаардагы Нургазыев жана Садыков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
“Жигули унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жол четиндеги бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 38 жаштагы эркек киши каза болуп, 37 жаштагы аял жабыркаган”, – деп жазылат маалыматта.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар маркумдун кыпчылып калган денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган аялды тез жардам ооруканага алып кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар