Кыргызстандык балбан Алхам Абдрасулов дүйнө чемпиону болдуАйзирек Эралиеванын өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты: Күнөөлүү 18 жылга эркинен ажыратылдыКыргызстанда аялдардын коопсуздугу боюнча масштабдуу изилдөө жүргүзүлөтЧолпон-Атадагы эс алуу жайында массалык мушташ чыктыЭми дары кымбат болсо тиркеме аркылуу арыз калтырса болотМаданият министрлиги Намыс кодексинин долбоорун коомдук талкууга койду
“Алай” клубунун дагы бир оюнчусунан коронавирус табылды
29.06.2020 | 11:55
“Алай” футболдук клубунун дагы бир оюнчусунан коронавирус табылды. Бул маалымат клубдун “Фейсбуктагы” расмий баракчасына жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, буга чейин оюнчулардын дене табы көтөрүлгөндүгү байкалган соң текшерүү өткөрүлүп, бир оюнчудан вирус табылган.
Учурда илдет жуктуруп алган оюнчулар ооруканага жеткирилсе, калган футболчулар 14 күнгө, А. Суюмбаев стадионунун жатаканасына, обсервацияга жаткырылган.
Белгилей кетсек, “Алай” футбол клубу – Кыргызстандын төрт жолку чемпиону жана Кыргыз премьер-лигасындагы алдыңкы клубдардын бири. Клуб 1960-жылы түптөлгөн.