Дастан Бекешев депутаттарга уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрлөрүн тактоону сунуштадыБаткенде 3 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз болотЧолпон-Атада Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдөСтамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
Калыков: пневмония жана COVID-19 менен ооруган бейтаптар бекер дарыланат
16.07.2020 | 17:45
Пневмония жана COVID-19 менен ооруган бейтаптар бекер дарыланат. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков билдирди.
“Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн пневмония жана COVID-19 диагноз менен ооруган бейтаптарды бекер дарылоо туралуу чечим кабыл алынды”, – деди Калыков брифингде.
Мындан тышкары ал коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюуда медициналык кызматкерлерди камсыз кылуу үчүн алардын эмгегине акыйкат акы төлөө чечими кабыл алынганын айтты.
Ошондой эле пневмонияны дарылап күндүзгү стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге дагы компенсациялык төлөөлөр жүргүзүлөрүн айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом