«Мадина» базарында өрттөн аман калган кездемелер 50 сомдон сатылып, дуба үчүн таратылуудаКөчмөндөр оюндарында салбуурун боюнча жеңүүчүлөр аныкталдыШакира «Бишкек Аренада» концерт берет — Президенттин иш башкаруучусуКыргызстандын курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча финалда 7:2 эсебинде жеңишке жеттиКыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча финалда 12:0 эсебинде жеңүүчү болдуУлуттук банктын башчысы Кыргызстанда санарип сом кантип киргизилип жатканын айтып берди
Калыков: пневмония жана COVID-19 менен ооруган бейтаптар бекер дарыланат
16.07.2020 | 17:45
Пневмония жана COVID-19 менен ооруган бейтаптар бекер дарыланат. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков билдирди.
“Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн пневмония жана COVID-19 диагноз менен ооруган бейтаптарды бекер дарылоо туралуу чечим кабыл алынды”, – деди Калыков брифингде.
Мындан тышкары ал коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюуда медициналык кызматкерлерди камсыз кылуу үчүн алардын эмгегине акыйкат акы төлөө чечими кабыл алынганын айтты.
Ошондой эле пневмонияны дарылап күндүзгү стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге дагы компенсациялык төлөөлөр жүргүзүлөрүн айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом